Печать
Категория: Коом
Просмотров: 421

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев зомбулуктан жабыркаган аялзатын атайын кызматтын бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырды. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Урматтуу мекендештер!

Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду.

Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер!

Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар!

Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз!

Эне бар, үй - бүлө бар, Мекенибиз болот!

12.01.2024. Баткенге карай аба мейкиндик жолунда, саат 08-30", - деп жазды Ташиев.

Эске салсак, Баткенде 2-январда эркек 23 жаштагы жубайын көчөдө сабап өлтүргөн. Кыргызстанда акыркы убакта аялдарга болгон зомбулук күчөп баратканы маалым. Мурдагы жана жашап жаткан күйөөлөрүнөн жабыркаган аялдардын айрымдарынын тагдыры кейиштүү аяктагын. Жабырлануучулардын көбү убагында укук коргоо кызматтарына кайрылып, бирок ал жактан ыкчам реакция ала алышпаганын айтып келишет.