Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1016

Буга чейин кайсы бир тараптан кысым болуп жатканын айтып Кыргызстандан үй-бүлөсү менен чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөгө кайтып келди. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазып, өлкөгө келээри менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусунда болгонун билдирип, чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. 

"Арыбаңыздар, ардактуу элим!

Кыргызстанга келип силер менен амандашып турганыма кубанычтамын. Өзүңүздөр көрүп тургандай Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусунда болуп, улуттук баалуулуктар жана “Манас” дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлаштык. Жакшы сөзүн айтып, кабыл алганына ыраазычылык билдирем. Мен Манасчы болгон үчүн ар бир кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы оюнда “Манас” улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым. Ошону менен бирге буга чейин эстелик коюлбаган 3 областка (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад) “Манас” баатыр эстелигин курууну колдоп, иш башталаарын билдирди.

Дүйнөлүк ааламдашуу доорунда биз улуттун жүзү болгон тарыхыбызды, маданиятыбызды татыктуу даңазалоого милдеттүүбүз! Ал эми элге кызмат кылам деген эл уулдары урпактардын келечеги үчүн өзөгүбүз болгон “Манас” бабабызга кызмат кыла беришсин.

Улутум кыргыз, урааным Манас!" - деп жазды манасчы.