"KG Групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун 9-январда соцтармактарга жарыялаган видеосу тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында түшүндүрмө берди.
Эске салсак, Ташов көп кабаттуу үйлөрдү кургандагы мүчүлүштүктөрү үчүн кармалып, келтирген зыяндын ордун толуктагандан кийин чыккан.
"Түнкү саат 1-2нин ортосунда президент мага чалып "сенин балдарың бирөөдөн 100 миллион сураган турбайбы", - деди. Мен эмне болуп кетти экен деп издеп таап Ташовдун кайрылуусун көрдүм. Ал "52 миллион сомду кассага төлөтүшүп, 100 миллион сомду "карманга" төлөйсүңөр деп айтты" дептир.
Соттун чечими, уруксаты менен биз Имамидин Ташовдун абакта отурган жеринде башкалар менен сүйлөшүүсүн жаздырып алганбыз. Ачык видео. Биринчи биз аны эмнеге камаганыбызды айтайын.
Бишкек шаарындагы бир үйдүн жашоочулары мага кайрылышып, Ташовдун компаниясы курган үйдө канча жылдан бери жашап кызыл китеп ала албай кыйналып жатышканын, тейлөө кызматтарына, светке өндүрүшчү катары төлөп келишкенин айтып, чара көрүп берүүмдү суранышкан.
Ташовду чакырып сүйлөшкөнүбүздө, баары жашоочулардын айтканындай болуп чыкты. Анан камаганбыз. Ал 52 миллион сомду Бишкек шаарына келтирген зыяндын орду катары төлөп берди. Эми анын айтып жаткан УКМК кызматкерлери сурады деген 100 миллион сому боюнча...
Соттун чечиминин негизинде ал СИЗОдо отурганда сүйлөшүүлөрүн жаздырып алганбыз дебедимби. Тилекмат Куренов деген менен сүйлөшүп, пландарды түзүп, Кыргызстанда кайсы күнү төңкөрүш кылышаарынан бери сүйлөшүшкөн. "Ушул күнү чыгабыз, сен ушинтип айтып кое берсең эл ишене берет", - дегенге чейин Куренов айткан. Бир нече күн сүйлөшүштү. Ага карабай 52 миллион сомду төлөгөндөн кийин чыгардык, байкайлы, дагы эмнени сүйлөшөөр экен, төңкөрүштү качап жасаар экен деп тим койдук. Анан бул жүрүп-жүрүп ушундай видеону алып чыкты. Куреновдун бул боюнча да айтканы бар "100 миллион деп айтып кое бер, эл ишене берет, айтып эле, элди козгой бер", -деген.
Биз азыр Ташовго издөө жарыяладык. Ал азыр кайда экенин билбейбиз. Бирок бүгүнбү, эртеңби - баары бир кармайбыз, жоопко тартабыз. Биз аны мамлекетте төңкөрүш уюштурууга даярданганы үчүн жоопко тартабыз", - деди Камчыбек Ташиев.