Соцтармакка Женго каймана аттуу кримавторитет Кадыр Досонов СИЗО-1де каза болду деген маалымат тарады. Бирок аталган кримөкүлүнүн адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал маалыматтарды жокко чыгарды.
Женго Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн сабагандыгы үчүн (бири каза тапкан, экинчиси оор жаракат алган) козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган болчу.