Печать
Категория: Коом
Просмотров: 81

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, - деген Алымкадыр Бейшеналиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза көлөмүндө “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталындаPfizer вакцинасынын20 000 дозасынын келиши күтүлүүдө.

Алымкадыр Бейшеналиев өзү бүгүн, 8-январда кайрадан COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды.