Печать
Категория: Коом
Просмотров: 608

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиевге жакында маалымат каражаттарынын бири Раимбек Матраимов менен болгон достугу тууралуу суроо узаткан. 

Ал суроого ырчынын берген жообу учурда коомчулукта талкууга алынууда. 

Бек Борбиев коррупцияга айыпталган, андан соң ал айыпты моюнга алуу эсебинде мамлекетке келтирген зыянын төлөп, эркиндикке чыккан мурдагы бажычы менен достугун үзгөнүн белгилеген. 

"Ал коррупцияга барганын моюнуна алып, 2 миллиард сом акча төлөдү го, ошол моюнуна алган күнү мен достукту токтоттум. Ал мага "коррупционер эмесмин" деп айтып келген, а мен аны коррупционер эмес деп колдоп жүрсөм, анан бир күнү "коррупционермин" деп штраф төлөп жатса, "кой, досум, болбойт, эми мындан ары күнөөлүү адам катары эмне кыласың... достукту улантпай эле коелу", - дедим. "Коррупционер эмесмин" деп жатса, күндө жанында жүрүп эмне иш кылып жатканын көрбөгөндөн кийин ишенесиң да... Раимге окшогон байлар бажыда абдан көп болчу, ошолордун бирөөсү деп койчумун да..." - деген. 

Туура калыптанган, туура түшүнүктөгү сабаттуу коомдо ырчынын бул кеби сынга эмес, колдоого, мактоого арзыйт болчу. Бир гана бизде андай болбойт. Соцтармактын айрым колдонуучулары Борбиевди "саткын", "досунун башына кыйынчылык түшкөндө жүз бурду", "дос деген мындай болбойт", "бул кызыкчылыктагы дос" ж.б. атап жатышат. 

Коррупция - мамлекеттин, андагы ар бир жарандын душманы. Өлкөнүн артка кеткени, жакыр жашагандардын көбөйгөнү, миграциянын агымы күчөгөнү, мыкты кадрлардын жетишпегени, сабатсыз муундун пайда болушу, каада-салттардын замандын таламайында калышы ж.б. учурдун ар бир терс көрүнүшүнүн себебин коррупциядан издөөгө болот. Ошол эле кылмыштуулуктун, балдарга жана аялдарга зомбулуктун күчөшүнүнүн да тамыры коррупцияда. Жемкорлук бутунан тарткан өлкөнүн эли жакырчылыкта жашайт. А ач адамга мыйзамдын кереги жок, ал курсагы көрсөткөн "мыйзам" менен жашоого аргасыз. 

Учурдагы бийлик коррупцияга аеосуз күрөш жарыялоо менен так ушул түшүнүктү - коррупционер эч кимдин тууганы же досу эмес, ал мамлекеттин, демек анда жашаган жалпы элдин душманы болоорун калкка сиңирүүгө аракеттенип жатат. Бек Борбиевдин коррупционер экенине көзү жеткенден кийин досу менен кол үзгөнү өзүнүн, балдарынын, мекенинин келечегине кайдыгер эместигин билдирет. Аны сындоонун ордуна, үлгү алып, коррупцияга колу малынган, элдин эсебинен дүнүйө топтогон адамдарды колдоп-жактабай, тескерисинче жектөөнү адатка айландырсак, мамлекеттин бир тыйынына кол салуунун алдында миллион жолу ойлонуучу муун өсүп чыкмак. 

Ал эми Бек Борбиевди саткын дегендер өздөрүнүн мекен алдында канчалык туруктуу, ишенимдүү болуп жатканын жакшылап таразага салып алышы керек...