Печать
Категория: Коом
Просмотров: 74

1-январдан тарта Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-январдан тарта мамлекет иштеп жаткан аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул катары 11чи иш күнүнөн баштап айына 20 эсептик көрсөткүч (буга чейин 10 эсептик көрсөткүч болгон) өлчөмүндө төлөй баштайт. Жогорулатууга чейин жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3600 сом болсо, 1-январдан кийин ал 7 500 сомду түзүп калат.

Мыйзамга ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алгачкы он иш күнү үчүн жумуш берүүчү тарабынан эмгек акынын 100% өлчөмүндө төлөнүп берилет.

Министрликтен белгилешкендей, бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарда иштеген аялдарга жөлөкпулдун бул түрү айлыгынын 100% өлчөмүндө төлөнөт.