УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-январда Сузак РИИБине техникаларды тапшырды. Ал укук коргоо кызматкерлерин коррупциядан алыс болууга чакырып, жасалган кылмыш баары бир жазасыз калбай турганын эскертти.
"2023-жыл мамлекетибиз үчүн алдыга жылуу маселесин чечкен жыл болду. Мында укук коргоо органдарынын мааниси чоң: уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, коррупцияга каршы күрөш жасалды. Уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. Мындан ары мамлекетибизде эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор, кандайдыр бир авторитеттер болбойт. Мамлекетибиз эркин, мыйзамдуу, укуктуу өлкө болот. Уюшкан кылмыштуу топтордун кайсы бир мүчөлөрү калган болсо, аларды 2024-жылы тыптыйпыл жок кылабыз. Муну ачык айтышыбыз керек. Ачык айтып, аны баарыбыз акыл-эсибиз менен түшүнүшүбүз керек. "Положенец", "смотрящий", "вор в законе" дегендер болбойт. Бир гана эркиндикте эмес, түрмөдө да болбойт, түрмөнүн ичине да тартип орнотобуз.
Коррупцияга каршы күрөш 2023-жылы өзүнүн чоң жыйынтыктарын берди. Анын негизинде мамлекеттик органдардагы коррупция жасаган мамкызматкерлер азайды. Арасында калгандар, мамлекеттин мүлкүнө кол салам, зыян келтирем дегендер менен мындан ары да күрөшөбүз. Мамлекетти сүйгөн, мамлекетке берилген адам гана кызмат кылат", - деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле ал ушул убакка чейин милиция кызматкерлерине мамлекет жакшы көңүл бурбай келгенин белгилеп, ушул жылда бул кемчилик жоюлуп, милиция кызматкерлеринин иштөө шарттары жакшыртылып, айлык маселеси карала турганын айтты.
"Ага жараша силер мыйзам чегинде өз аракетиңерди жүргүзүшүңөр керек. Мыйзам бузгандар көп катталып жатат, коррупция менен кармалгандар, кылмыш кылгандар, наркотик ж.б. менен кармалгандардын арасында өзүбүздүн кызматкерлер бар болуп чыгууда. Өзүбүз өз кызматыбызга берилбесек, мыйзамды сактай албасак, биз кимден мыйзамды сакта деп суранабыз?! Мыйзамга баш ийгиси келбеген, өз кызыкчылыгы үчүн иш кылган кызматкерлерди жоопко тартабыз. Мыйзам бузгандар баары бир колго түшөт, бүгүн болбосо эртең. Өз арабыздагы мыйзам бузууга жол бербейли", - деди УКМК төрагасы.