Печать
Категория: Коом
Просмотров: 986

Кой

Кой белгисинин алдында төрөлгөндөр 2024-жылы каржы жаатында ийгиликтүү болот: албетте, акча асмандан жаабайт, акчалуу болуу үчүн көбүрөөк эмгектенүүгө туура келет, бирок ошол эле учурда грант алуу же лотереядан утуп алуу сыяктуу жолдуулукту да жокко чыгарууга болбойт. Колуңузга тийген акчаны акыл менен коротууга аракеттениңиз, болбосо каражат кандай келсе ошондой суудай агып жок болушу мүмкүн. Айланаңыздагы адамдар менен жакшы болууга аракет кылыңыз, аларга жамандык жасоо – жеке жашооңузда да, карьераңызда дагы негативдин жаралышына себепчи болот.

Букачар

“Букачарлар” жайбаракат жатып эле ийгиликке жетем деп ойлобосун, келе жаткан жылдагы кандай жетишкендик болбосун: мейли ал кесиптик жаатында же жеке мамилесинде болобу – тынымсыз эмгегинин гана натыйжасында болоору анык. Эгерде жылдын биринчи күнүнөн тартып эмгектенүүгө киришсе, анда жылдын экинчи жарымында күтүлгөн жыйынтыктарды ала баштайт. Өтө чоң өзгөрүүлөр, революциялык өзгөрүү десек да болот, күтүлөт, алар жашоосун түз мааниде айтканда түп тамырынан өзгөртөт. Кыязы, бул жеке жашооңузга таандык болот, мамилелердеги өтө чоң өзгөрүүлөрдү күтө бериңиз.

Эгиздер

“Эгиздерге” өздөрүнүн профессионалдык – карьералык десе да болот – мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгууга туура келет. Жыйынтыгында бир гана жумуш ордун эмес, ишмердүүлүк тармагын да өзгөртүшү мүмкүн, бирок кийин бул боюнча өкүнүүгө туура келбейт. Аны менен бир бир катар өзгөрүүлөр жеке жашоосунда болушу ыктымал: бул жылдыз белгисинин алдында төрөлгөндөрдүн айрымдары турмушка чыкса, кээ бири балалуу болушат, дагы бири турмушка да чыгып, балалуу да болууга бир жылдын ичинде жетишишет. Өнөктөштөр менен мамиледе, жумушта дагы өтө чоң чыдамкайлык жана жумшактык керектелет.

Бөйөн

“Бөйөндөр” жашоонун бардык жаатында жаңы жана эски тааныштарынын, байланыштарынын жардамы менен ийгиликке жетише алышат. Достор жана тааныштары бир гана профессионалдык мааниде жардам бербестен, жеке жашоосунда тагдыр чечүүчү жолугушууга себеп болуп бериши мүмкүн. Көп көңүл бурууну үй-бүлө мүчөлөрү талап кылышат: окуудагы жана спорттогу ийгилиги менен кубанткан балдарынан тартып карыган туугандарына чейин. Үйүндө болсо оңдоо иштерин баштоого ылайыктуу шарт түзүлөт.

Арстан

“Арстандардын” көбү кардиналдык - чыныгы революциялык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында дагы өзүнүн бардык чөйрөлөрүндө азыркы абалындагы жашоосун сактап кала алат. Аларга бир катар өзгөрүүлөргө: жумуш ордун алмаштырууга, жашаган жерин алмаштырууга, жеке жашоосундагы жаңычылдыкка даярданууга туура келет. Булардын баары алардын жашоо сапатын жакшыртат. Айланаңыздагы айрымдар сизди башкарууга аракеттениши мүмкүн, манипуляцияга алдырбаңыз, аларга мындай мүмкүнчүлүк бербей, өз оюңуз менен калыңыз.

Бийкеч

“Бийкечтер” келе жаткан жылы жеңилденип, кенен дем ала берсе болот  – акыркы тогуз айдан бери жашоосун оордоштуруп келген Кара Ай 2024-жылдын июнь айында булардын жылдыз белгисинен кетет. Жыйынтыгында бошогон энергияны ийгиликтүү профессионалдык ишмердүүлүккө жумшасаңыз, карьералык тепкичтен көтөрүлөсүз. Жеке жашоодогу өзгөрүүлөр кескин жана күтүүсүз болушу ыктымал, бирок андан коркпоңуз: мурдагы мамилелердин ордуна жаңысы келип кубантат.

Тараза

“Таразалардын” жарым жылы Кара Айдын алдында өтөт, ал жылдыз белгиге июнь айынан тартып көлөкөсүн түшүрө баштайт. Буга чейинки бир нече жыл ичинде жасаган жоруктары үчүн жооп берүүгө туура келет, бирок абийири алдында эч кандай күнөөсү жок адамдар тынчсызданбай деле койсо болот. Айым –таразалар келе жаткан жылы кош бойлуу экенин билиши мүмкүн, бул айрыкча балалуу болууга үмүтү үзүлүп калгандарга таандык. Каржы жаатында ийгиликтер боло бербейт, андыктан акчаны үнөмдөп колдонуу керек.

Чаян

“Чаяндарга” келе жаткан жыл мейкиндиктин алмашуусу менен өтөт – жаңы үйгө көчкөндөн баштап, жашаган өлкөсүн убактылуу алмаштыруу же эмиграцияга чейин жетиши мүмкүн. Жумуш абдан көп болот, демек каржыдагы ийгилик көпкө күттүрбөйт, бирок бардык акчаны дароо табуу мүмкүн эместигин унутпаңыз – анча-мынча эс алууга да убакыт бөлүңүз. Жагымдуу окуялар жеке жашоодо да болот: келе жаткан жылы болчу тагдыр чечүүчү жолугушуу көптөгөн керемет эмоцияларды жаратат жана жыйынтыгында мамилелерди расмий бекемдөөгө жеткирет.

Жаачы

“Жаачыларды” жөнөкөй көчүү эмес, тамырынан үзүлүү, башкача айтканда таптакыр башка шарттагы жашоо күтүшү мүмкүн. Жашаган жерин алмаштыруу менен алар олуттуу өзгөрүүгө дуушар болушат: азыр жашаган жеринен көчүшсө, алар ал жакка кайрылып бара албай тургандай акыбалга кептелишет. Жаңы жердеги жашоо аларга буга чейин элестете дагы албаган профессионалдык жана каржылык перспективаларды жаратат, балдарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, жеке жашоосунда дагы көп өзгөрүүлөр болот.

Текечер

“Текечерлер” профессионалдык ишмердүүлүгү менен жеке жашоосун бирдей алып кетет алат. Алар үчүн өтө маанилүү тармактан расмий макамга ээ болуп, анысы документтер менен бекитилет. Бул башка өлкөнүн жарандыгын алуу, кесиптик билимин тастыктаган диплом, нике тууралуу же баланын төрөлүшү тууралуу күбөлүк болушу мүмкүн. Тобокелчиликтен – баарынан биринчи спорттун экстремалдык түрү менен алектенүүдөн баш тартуу зарыл. Жол кыймылынын эрежесин дагы жакшысы бузбаганга аракет кылыңыз.

Суу пери

“Суу перилер” күтүүсүз жана түшүнүксүз натыйжага учурашы мүмкүн: алардын жашоосундагы көп нерселер биринчи же экинчи жолу караганда көрүнгөндөй маанилүү эмес болуп чыгат. Ошондуктан, айрыкча мамилелерде кызуу кандуулук менен чечим кабыл алып, жыйынтык чыгарууга болбойт. Коомдук,  кыязы, жигердүү уюмга кошулуу менен абройуңуз жогорулайт, ал эми чыгармачылык ишмердүүлүгүңүз аны андан ары бекемдеп, натыйжада атак-даңкка жетишиңиз да мүмкүн. 

Балыктар

“Балыктар” келе жаткан жылы эмне гана кылышпасын, баарында аты чыгып, өздөрүн көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк алышат. Бул профессионалдык тармагында, хобби катары алектенип жүргөн жаатында да болушу ыктымал. Эң башкысы кандай маселе жаралбасын, креативдүү көз караш менен чечүүгө умтулуңуз. Ал эми тапкан акчаларыңызды өз керегиңизге жумшаңыз, келе жаткан жылы инвестициялоо сизге ийгилик алып келбейт.