Печать
Категория: Коом
Просмотров: 291

КР УКМК КР Министрлер Кабинетинин кризистик глобалдашуу шартында өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган социалдык-экономикалык жана финансылык чараларын ишке ашыруунун жана ири соода-базар комплекстеринин иштерине ылайык тиешелүү ведомстволор аралык, уюштуруу, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында менчик ээлери, негиздөөчүлөр, ошондой эле ижарачылар менен да этап-этабы менен иш жүргүзүүнү улантууда.

Бүгүнкү күндө УКМК тарабынан ишке ашырылып жаткан чаралар соода жайларындагы ижара баанын негизсиз жогорулашына жол бербөөгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн шарттарынын бири болуп саналган элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизүүгө жол бербөөнүн дагы бир кезектеги этабы болуп саналат.

Республика боюнча базарлар менен иштөөнүн жүрүшүндө 20-30 жылдын ичинде мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени аныкталып, соода түйүндөрүнүн абийирсиз кожоюндары аныкталууда, алар тууралуу коомчулукка кийинчерээк маалымдалат.