Печать
Категория: Коом
Просмотров: 308

КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин лизингдик иш чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансында турган мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.