Печать
Категория: Коом
Просмотров: 60

КР УКМК тарабынан инвесторлорду коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын колдоого багытталган иш-чаралардын алкагында «мыйзамдагы ууру» деп аталган К.Асанбектин атына жамынып, россиялык инвесторлордун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган жеке жактар боюнча тиешелүү маалыматтар алынды. 

2018-жылы Россия Федерациясынын жараны Р.Д.А. «Айсео»  ЖЧКсы (иш жүзүндөгү ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары О.Б.А. жана А.К.Т.) менен стратегиялык өнөктөштүк келишиминин алкагында, 14,0 млн АКШ долларынан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көлдө коттедждик шаарчаны курууга жумшаган.

Бирок Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедждик шаарча курулгандан кийин Р.Д.А., О.Б.А. жана А.К.Т. К.Асанбектин кылмыштуу байланышынан пайдаланып, күч колдонуп, зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, инвестордун мүлкүн жана акча каражаттарын ээлеп алып, аны Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

Учурда «Айсео» ЖЧКсынын ээлери О.Б.А., А.К.Т жана башкы бухгалтер А.Н.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул иш боюнча керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.