Печать
Категория: Коом
Просмотров: 133

Бишкек шаардык кеңеши 27-декабрдагы отурумунда борбордо муниципалдык автобус, троллейбуска жол кирени кымбаттатууну колдоду.

Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, "Тулпар" картасы менен 17 сом болот. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө жол киренин баасы 11 сом бойдон калат. Жаңы тариф токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Жыйында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол кирени көтөрбөсө азыр сатып алынган жаңы автобустарды да жоготуп алуу коркунучу турганын айтты.

Буга чейин муниципалдык автобус, троллейбуста жол кире накталай төлөнсө, 25 сомго көтөрүү сунушу берилип, ал ишке ашпай калган.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси - негизги көйгөйлөрдүн бири. Быйыл муниципалдык автобус көбөйтүлүп, чоң жолдордо атайын тилке ачылды. Ушул тапта борбордо кичи автобустардагы жол кире 15 сом. Автобус, троллейбуста 11 сом.