"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документ күчүнө кирип, мыйзам 26-декабрда мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, туу ортосуна күндүн кырк нуру түз чачыраган күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.
Желектин сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Алардын жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, 1992-жылы кабыл алынган туу бар документтерди тиешелүү мамлекеттик орган алмаштыруу боюнча чечим кабыл алганга чейин колдонулат.
Министрлер кабинетине үч айда өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилди.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов буга чейин Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өзүнчө токтом менен бекитиши керек экенин билдирген. Анын негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.
20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга чыгарган. Анда документтин максаты "өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу" экени белгиленген.
Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айткан.
Кыргызстандын биринчи мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен кабыл алынган.