Печать
Категория: Коом
Просмотров: 202

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов спортчулардын көйгөйүн көтөрдү. Ал спорт мектебинин тарбиялануучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн акча 220 сомдон 480 сомго депутаттардын кийлигишүүсү менен көбөйтүлгөнүнө ыраазычылыгын билдирди.

Депутат спорт медицинасындагы көйгөйлөргө токтолуп, спорт медициналык кызматкерлердин тегерегиндеги талаш-тартыштар көп болуп жатканын, аны чечүү зарылдыгын айтты.

“Спортчулардын тамагына бөлүнгөн акча 220 сомдон 480 сомго көтөрүлгөнүнө рахмат. Биз жерине барып спортчуларга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү угуп, тамак-аштарын көрүп келгенбиз. Биз көтөргөн бир маселенин болсо да жакшы жагына чечилгенин угуу жагымдуу”, - деген депутат спорт медицинасына, спорт дарыгерлерине өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, учурда Бишкекте спорт жаатындагы бир гана дарыгер – Бактыгүл Насыровна бар. Ал эми саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев спортчулардын ден соолугун көзөмөлдөөгө өзгөчө шарттар жасалып, дарыгерлер көбөйтүлүп жатканын белгиледи.