"Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому өлкөдөгү нефтини кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк ишкана. Бүгүнкү күндө мунай сырьёсунан 3 түрлүү продукция чыгарат. Бензин, дизель майы жана мазут.
27 жылдык тарыхы бар ишкананын таржымалына токтолсок. Чет элдик инвестор Жалал-Абад шаарына мунайды кайра иштетүүчү заводду салуу боюнча кыргыз өкмөтү менен инвестициялык келишим түзгөндөн кийин, баштапкы салымды бөлгөн. Ошентип, кубаттуулугу жылына 500 миң тонна нефтини иштетүүгө ылайыкталган заводдун курулушу 1995-жылы башталган. 1996-жылы курулушу аягына чыгарылып, 6-октябрда ишке кирген.
Компаниянын тарыхында 2012-жыл маанилүү дата болуп калды. Бул жылы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому «Петро Кыргызстан ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна тишелүү болгон 50 пайыз акцияны сатып алган. Ошондон тарта «Кыргызнефтегаз» «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун жалгыз акционери болуп калды.
2021-жылдан бери “КПК” ЖАКтын экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулап, компания тарыхында боло элек кирешеге жетишти. 7 жылдагы таза кирешелерин салыштырсак:
2017-жылдагы бир жылдык киреше 2 млн 140 миң сомду түзгөн.
2018-жылдагы таза киреше 40 млн сом болгон.
2019-жылы 53млн сомго жеткен.
2020-жылы компания -47 млн 110 миң сом карыз менен чыккан.
“Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомундагы кирешелүү жетишкендиктер ишкананын жетекчилигине келген Байгазы Матисаковдун мезгилинен башталды.
2021-жылдагы киреше 161 млн сомго жеткен.
2022-жылы таза киреше 298 млн сомду түзүп, бул жетишкендик ишкананын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болду.
2023-жыл “Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы үчүн ийгиликтүү болду. Быйыл 10 ай ичинде 24 млн 914 миң сом таза кирешеге чыгууну пландаган болсо, иш жүзүндө 214 млн 274 миң сом тапты. Ал эми 10 айда 168 миң 760 тонна чийки затты кайра иштетип, коюлган планды 110.2 пайызга ашыгы менен аткарды.
"Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун автопаркы толугу менен жаңыланды. Өндүрүштөгү кызматкерлерди ташуу үчүн 6 микроавтобус, 4 жеңил унаа алынды. Андан сырткары мунай калдыктарын тазалоочу ассенизатор, кран манипулятор, ошондой эле казып-көмүү жана башка чарбалык иштерди жасай турган Bobcat үлгүсүндөгү техника сатылып алынган. Жаңыланган техникалардын катарында жүк ташуучу портер, УАЗ үлгүсүндөгү унаа бар. Бул техникалардын бардыгы 2021-жылдан бери сатылып алынды.
Транспорт бөлүмүнүн башчысы Санжар Карабаев компанияда техникаларды жаңылоодон сырткары, жасалып жаткан масштабдуу иштин бири - заводдун модернизациясы экенин белгилейт. 2021-жылы “КПК” ЖАК президенти тарабынан иш-чаралар планы бекитилип, анда милдеттемелер жана аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Заводду модернизациялоо жумуштары этабы менен жүргүзүлүп келүүдө. Техникалык-экономикалык негиздемеси ишкананын өз каражаты менен даярдалып, учурда потенциалдуу партнёрлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Завод модернизациялоодон өткөрүлсө, ЕАЭБ талаптарына жооп берген К-4, К-5 сапатына барабар продукция, башкача айтканда, АИ-92 жана 95 маркасындагы күйүүчү майлар чыгарылат.
"Кыргыз Петролеум Компани" Жалал-Абад олбусундагы ири салык төлөөчү ишкана болуп саналат. Быйыл 10 ай ичинде мамлекетке салык түрлөрү жана социалдык төлөмдөрү биригип, 152 миллион 57 миң сом төлөдү. Компанияда 200 дөн ашуун кызматкер эмгектенет.
“КПК” ЖАКтын жалпы эмгек жамааты менен жетекчилиги ишкананын динамикалык өнүгүүсү үчүн бардык күч-аракетин мындан ары да жумшай бермекчи.