Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, 2023-жылдын 22-декабрында КР УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун “Каракол жана Түп” ячейкасынын активдүү мүчөлөрү Х.Р.К., Т.М.С., Ж.М.Б., С.К.М., К.М.Б жана А.У.Б. аттуу КР жарандарынын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында ар кандай брошюралар, диний мүнөздөгү блокноттор, ошондой эле уюлдук телефондор табылган, алар аркылуу “Хизбут-Тахрирдин” экстремисттик материалдарын таратуу фактылары жана Россиянын ФСБсы тарабынан жок кылынган “Саид Бурятскийдин” террористтик мүнөздөгү видеочакыруулары табылды.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.