Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Бүгүн, 25-декабрдан тартып Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойното баштады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, утуш 30-декабрга чейин улантылат.

25-декабрдан 30-декабрга чейин төмөнкү байгелер ойнотулат:

521 — iPhone14;
519 — смартфон;
158 — ноутбук;
Дайсон маркасындагы 21 фен.
Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат 13.00.

Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар саат 15.00дө УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт.