Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

Депутат  Айсаракан Абдибаева “Парламент” радиосуна берген маегинде Жогорку Кеңеш тарабынан аялзатынын коомдогу ролун жогорулатууга багытталган мыйзамдык базалар туурасында айтып берди. Ошондой эле ал аялдардын укуктарын коргоо, каржы сабаттуулугун жогорулатуу негиздерине кайрылды.

“Аял бактылуу жашаган үй-бүлөдө бактылуу уул-кыздар өсүп чыгарын нарк-насилдүү идеологиябыз далилдеп келет. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы мыйзам негиздерин бекемдеп, эгерде аялзатын ызалантып, кордогон, үнүн өктөм чыгарып ыдык көрсөткөндөрдү айыпка жыгуу механизмдери иштелип жатат. Бул арга кеткендеги көрүнүш. Болбосо, качан эле  кыргыз элинде зордук-зомбулук маселеси болчу эле? Байыртадан эле “Кыргызда кыздын аты улук, кыз сыйлабас –макулук!” – деп айтылып келет”, - деди депутат.

"Айымдардын аткаруу бийлигинде жетиштүү санда иштөөсү көп болсо калыстык, жоопкерчилик жогору болот эле", - деп кошумчалаган депутат А.Абдибаева, "үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы туруу багытындагы эл аралык талкууларга да жигердүү катышып келе жаткандыгын" белгиледи.