Печать
Категория: Коом
Просмотров: 372

Жыл жыйынтыгын чыгарууда министр Бообек Ажикеевдин жетектөөсүндөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишине сарасеп салдык. 

 

Өз өмүрүн тобокелге салган куткаруучулар жана куткарылгандар

2023-жылдын  11 ай ичинде өлкөдө  33 өзгөчө кырдаал катталып, андан 44 адам каза болгон. Келтирилген материалдык чыгым 293 млн 628,5 миң сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 43,1 пайыз азайган.

Республика боюнча 3116 өрт кырсыгы катталып, куткаруучулар кырсыктан 39 адамдын өмүрүн, 13 млрддан  ашуун материалдык чыгымды сактап калышты. Тилекке каршы өрт кырсыгынан 29 адам көз жумуп, тилсиз жоо 1 млрд сомдон ашуун чыгымды алып келди. 2022-жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы  15.9  пайызга өскөн.
Суу кырсыгынан 11 ай ичинде  каза болгондордун саны 103кө жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 18% өскөн. 

Ага карабастан ар кандай өзгөчө кырдаалдарда 165 адамдын өмүрү куткарылып, куткаруучулар тарабынан жалпысынан 918 адамга жардам көрсөтүлгөн.
 

Майлуу-Суудагы өзгөчө кырдаал
Жыл башы менен өлкөдө ири өзгөчө кырдаал катталып, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 12-январда катуу сууктан улам  суу түтүктөр тоңуп, жылытуу  системалары жана таза суу үзгүлтүккө учурады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринде жашоочуларды ичүүчү жана тиричиликке керектелүүчү суу менен камсыздап, кечиктирилгис иштерди жасоо менен  бир жуманын ичинде бузулган отказандар кайрадан ишке кирип, ызгаар кышта эл жылылуулук  жана суу  менен камсыз болушту.  

 

Кыргыз-Түрк мамилесинин жаңы этабындагы куткаруучулардын ролу
2023-жылдын февраль айында,  кыргыз куткаруучулары түпкү тамарыбыз бир болгон түрк туугандарга кол сунуп, зилзаланын очогунда издеп-куткаруу ишин жүргүзүп келишти. Жарым ай ичинде урандылардын астынан 198 адамдын сөөгүн чыгарып, 8 адамдын өмүрүн сактап калышты. Жер титиреген аймакта  убактылуу баш калкалоо үчүн, 127 кыргыз   боз үйү тигилди. Ага кошуп Кыргызстан Түркияга мобилдүү госпиталын жайып, дарыгерлер медициналык  жардам көрсөтүштү.  Татыктуу эмгек бааланып, куткаруучулар Президенттин колунан сыймыктуу мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

Бул куткаруу иштеринен кийин Кыргызстан-Түркия кызматташтыгы дагы да бекемделип, ал бардык тармактарда байкалды. Ошол эле билим берүү, кыргызстандык мигранттарга көмөк көрсөтүү, экономикалык колдоо ж.б. жаатындагы кызматташтык өнүктү жана аны биздин куткаруучулардын эмгегинин үзүрү катары таанысак болот. Ошондой эле зилзаладан жабыркаган түрк туугандарга чын дилден көрсөткөн жардамынын акыбетинде Кыргызстандын куткаруучулары дүйнөлүк аренага чыгышты. 
 

Селдин кесепеттерин жоюу 
2023-жылдын август айында  Ысык-Көл облусунун Түп районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селдин кесепетинен райондогу Талды-Суу, Корумду, Көөчү, Байзак, Кең-Суу,  айылдарынан 185 турак жай жабыркап, 80 гектарга жакын айдоо аянтын жууп кеткен. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 150дөй куткаруучу, 16 техника тартылып, турак-жайлардын жер төлөсү, короолор,  ички чарбалык жолдор кум-шагыл таштардан тазаланды. Учурда ӨКМ аталган айылдарда жалпы 24 миң метр сел өтүүчу каналды куруу мерчемделип, бүгүнкү күндө анын 10 070 метри бүткөрүлдү. 
 

Ысык-Көлдөн 22 миң тонна таштанды чыгарылды
Президенттин Жарлыгынын негизинде Суучулдар ушул жылдын 12-мартынан тарта  Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоону баштады. 9 айдын ичинде  200 600 метр  балык уулоочу синтетикалык тор, 22 миң тоннадан ашуун таштанды чыгарылып, көлдүн 400 миң гектар аянты тазаланды. 

 

Жаңы техникалар көбөйдү
Акыркы эки жыл ичинде  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  3 тик учак, 700 техника менен толукталды. Анын ичинен 200гө жакыны оңдоодон өтүп, 500 техника жаңы алынды.
Белгилей кетсек, 
- Айрбас  Н-125, Н-145 , Ми-8МТВ1 тик учагы;
- 200гө жакын өрт өчүрүүчү унаа 2 мобилдүү госпиталь.
Ошондой эле автобустар, женил унаалар, Ысык-Көлгө куткаруучу  катер алынды. Жалын менен күрөшкөн өрт өчүрүүчүлөр үчүн 300гө жакын атайы кийимдер алынды.
Айрыкча алынган оор инженердик техникалар калкты жана аймактарды  сел, суу ташкындарынан коргоо максатында дарыя, арык, каналдардын жээктерин бекемдөө ишин кыйла жеңилдетти. Маселен жыл ичинде республика боюнча жапы 287 обьектте жумуш жүргүзүү каралса, бүгүнкү күндө анын   262де жумуш  толук  аяктап, 14 обьектиде иш уланууда. Аткарылган иштин натыйжасында 10 миңден ашуун  турак жай, ички чарбалык жолдор,  төрт миңге жакын гектар айдоо аянты, социалдык обьекттер, көпүрөлөр, селден коргоого алынды. 
Чек араны болуп турган Чу дарыясынын жээги, Кара –Дарыя, Көк-Арт, Кара Үңкүр -Сай, Сох  дарыяларынын жээктерине быйыл жалпы 5396 м коргоочу тосмолор курулуп, бекемделди. 120метр сел өткөрүүчү  каналдарга 118 м темир, бетон  тосмолор, 2 көпүрө курулду.
Ал эми бул жылы жээктерди бекемдөө ишинде колдонулуучу габион торчолорун автоматтык түрдө өндүрө турган чакан 2 цех ачылып, иштин 10 эсе тез жана сапаттуу жүрүшүнө шарт түздү.

 

Эл аралык айдыңдагы арыш

Республиканын ичинде гана эмес, арышын кеңири таштаган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дүйнөнүн 60 мамлекети мүчөлүк кылган Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун аткаруу комитетине 6 жылдан бери төрагалык кылып, быйыл уюмдун 56-сессиясы Бишкекте өттү.  Эми беделдүү уюмдун Борбор Азия жана Азия боюнча гуманитардык кеңсеси Кыргызстанда да ачуу боюнча макулдашылды. Жыл сайын ондогон өлкөлөрдүн тоо куткаруучулары жана  суучулдары биздин адистерден окуп үйрөнүп, тажрыйбасын жогорулатып келгендигин баса белгилеп айтууга болот.

Ал эми Кыргызстанда тоо туризмин жана куткаруучулукту  өнүктүрүүдө    түзүлгөн “Эдельвейс” кошууну тоо башындагы көлдөрдүн суусунун көлөмүн атайы жабдуунун жардамында азайтуу ишин жүргүзүп, 5миң метр бийиктикте туристтерди издеп-куткаруу ишин ийгиликтүү жүргүзүп баштада. Ошондой эле бул жылы өткөн эл аралык альпиниадада Комсомолец чокусуна жүрүш жасаган  700 альпинисти коштоп, аларга биринчи жардам көрсөтүп турушту.
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын  эл аралык издөө жана куткаруу боюнча консультациялык топ (Insarag)ка кирүүсүнө бүгүнкү күндө жигердүү аракетин жүргүзүүдө. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн 35 млн сом каражатына түзүлгөн Инсараг тобуна Өзгөчө кырдаалдын очогунда издеп-куткаруу ишин жүргүзүдө керектелүүчү акыркы үлгүдөгү гиравликалык шаймандар, жарык бергичтер, чатырлар, дрон камералар, үзгүлтүксүз байланышты камсыздаган спутникалык портал каражаты алынды. Куткаруучулардын лагердеги жашоосуна  керектелүүчү баардык шарттар түзүлүп, англис, түрк тилдерин үйрөтүлүүдө.
 

Калдык сакталган жайларды зыянсыздандыруу 

Бүгүнкү күндө республиканын аймагында   60дан ашуун  калдык сактоочу жай бар . Бул жылы министрлик Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен биргеликте Нарын облусунун Миң-Куш айылындагы “Туюк-Суу” жана “Талды-Булак” калдык сактоочу жайын “Дальнее” калдык сактоочу жайына көчүрүү, “Как” калдык сактоочу жайын ордунда рекультивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнү баштады. Жогорудагы калдык сактоочу жайларды зыянсыздандыруу менен аймактагы жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян алып келүүчү факторлорду жоюуга, келечектеги  коопсуз туруктуу жашоосун камсыздоого, экономикалык туруктуу климатты түзүүгө, бай жаратылышын сактоого   атүгүл туризмди өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. 

 

Унаа жолдорундагы жана калктуу конуштардагы коопсуздук
Унаа жолдорундагы коопсуздук  кар көчкүнү аныктоодо эң зарыл станция.  Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын  алкагында Япон өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Кыргызстанда быйыл 3 кар көчкү станциясы ишке кирди.  Алар Нарын облусундагы “Долон”, Жалал-Абад облусундагы “Чапчыма” жана “Чаткал” кар көчкү станциялары. Алар 1186 калктуу конушка жайгашып, коркунуч жаратып келет.
Өлкөнүн аймагында 4,5 миңдей жер көчкү жүрүү коркунучу бар тилкелер бар. Алар республикадагы 1186 калктуу конушка коркунуч жаратып келет. Адам өмүрүн жана материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда, Өзгөн районунун Аюу-Сай тилкесинде жер көчкүнү тектирлеп түшүрүү ыкмасы колдонулуп баштады. 
ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду быйыл эскилиги жеткен кампаларды оңдоп -түзөөдөн өткөрүп, азык-түлүктүн сапаттуу сакталышына шарт түзүлдү. Ошондой эле сакталган азыктын кошумча түрүн көбөйтүп, өз каражатына атайы унааларды сатып алууга жетишти.