20-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.
Мыйзам долбоорун Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.
Мыйзам долбоору КРнын Министрлер кабинетинин 2022-2026-жылдарга баңгиликке каршы программасын, КРнын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Атап айтканда, сунушталып жаткан мыйзам долбоору 1994-жылы Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңештин токтомдору менен кошулган 1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын, 1971-жылдагы психотроптук заттар жөнүндө Конвенциянын жана 1988-жылдагы баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү боюнча БУУнун Конвенциясынын ченемдерин имплементациялоого багытталган.
Талкууда депутат Дастан Бекешев баңги зат колдонгон жарандарга карата укук коргоо органдары тарабынан колдонулуучу катаал мамилени айыптап, баңгиге көз карандыларга башкача аракет көрүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Медербек Алиев баңги заттарга каршы күрөшүүдө ИИМ кызматкерлеринин жетиштүүлүгүн сурады. “Жаштар арасында баңги зат колдонуу абдан көйгөйлүү маселеге айланды. ИИМ бул багыттагы ишин күчтөндүрүп, алдын алууга өзгөчө көңүл буруу кажет”,- деди депутат. Депутат Нуржигит Кадырбеков Жалал-Абадда баңги зат сатууга шектелип кармалган милиция кызматкеринин окуясына токтолуп, орган кызматкерлеринин социалдык шарттарын жакшыртуу маселесине көңүл бурду. Депутат Айбек Осмонов Ош шаарындагы дарыканада сатылган психотроптук заттарды сатуу окуясынын жыйынтыгына кызыгып, өлкө боюнча мындай учурларга көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.