Кыргызстандын ички агро азык-түлүк рыногунда абал туруктуу экенин айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Ал быйыл азык-түлүк коопсуздугу негизги социалдык маанидеги 5 азыктын түрү: сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер менен камсыз болгонун белгиледи.
Айтымында, дагы 4 түр азык: ун, өсүмдүк майы, жумуртка, жемиштер менен камсыздоо импорттук ташып келүүлөр менен камсыздалды.
"Жыйынтыгында республиканын ички агро азык-түлүк рыногунда туруктуу абал сакталды. Өзгөчө кырдаалдар, азык-түлүктөргө ажиотаждык керектөөлөр, тамак-аш азыктарынын бааларынын кескин өсүүсү жаралган жок", - деди министр.