Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн шаарындагы башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызматкери ишкерден салык жыйынтыгын фальсификация кылуу жана салык карыздарын жашыруу үчүн акча талап кылган. Ал ишкерге 700 миң сомдон ашуун салык карызы бардыгын айткан.
Кылмыш ишинин алкагында 20-декабрда Өзгөн салык башкармалыгынын бөлүм башчысы У.К. 200 миң сом пара алып жатканда кармалды. Анын курткасынын чөнтөгүнөн 5000, 2000 жана 1000 сомдук купюралар табылган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.