2023-жылдын аягына чейин Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 570 млрд сомго жетет. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, жылдын башында консолидацияланган бюджет 503 млрд сом деп пландаштырылган.
"Жылдын аякташына эки жумадай убакыт калды. Ал аралыкта биз аталган көрсөткүчтү 570 млрд сомго жетиребиз деп турабыз. Бул планды ишке ашырабыз", - деди ал.
Ошондой эле салык жана салыктык эмес төлөмдөр толугу менен аткарылып жаткандыгын баса белгиледи. Айтымында, мамлекеттик бажы кызматы быйыл планды ашыгы менен аткарды. Жыл башында 94 млрд сом деп пландалса, жыл аягына чейин 107 млрд сом болду.
Ал эми мамлекеттик карызды жабууга мамлекеттин толук мүмкүнчүлүгү бар.
"2023-жылдын башында бюджеттин тартыштыгы 21 млрд сом деп пландаштырылган. Бүгүнкү күндө аны 9 млрд сомго түшүрдүк. Бул жакшы көрсөткүч", - деди Бакетаев.