Печать
Категория: Коом
Просмотров: 217

Көлбаевдин кылмыштуу жол менен табылган кирешелерин адалдоо боюнча сотко чейинки материалдар боюнча жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш чараларынын алкагында УКМК ушул жылдын 21-ноябрында УКТны каржылоого катышкан С.А.Б. аттуу кыргызстандыкты кармаган. 

18-декабрда С.А.Б. тарабынан мамлекеттин карамагына Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух Ордо" борбору өткөрүлүп берилди жана республикалык бюджетке 537 миллион сом төлөндү. 

Аны менен катар УКМК К.Асанбекке таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча тийиштүү тергөө-ыкчам иштерин жүргүзүүдө.