Алдыдагы үч аптада Бишкекте борбордук 8 көчө бир тараптуу болот.
Алар:
- Турусбеков көчөсүнүн Москвадан Жибек Жолуна чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүктү көздөй);
- Үмөталиев көчөсүнүн Жибек Жолунан Москва көчөсүнө чейин бөлүгү (түндүктөн түштүктү көздөй);
- Калык Акиевдин Москвадан Жибек Жолуна чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүктү көздөй);
- Тыныстанов көчөсүнүн Фрунзеден Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүктү карай);
- Раззаковдун Киевден Москвага чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүктү карай);
- Орозбеков көчөсүнүн Москвадан Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүктү көздөй);
- Гоголь көчөсүнүн Жумабектен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүктү карай);
- Сүйүмбаев көчөсүнүн Москвадан Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүктү көздөй).