Экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров банктардан насыя алып, бирок убагында төлөй албай калган жарандар тууралуу айтты.
"Мага "кредитимди төлөй албай калдым", - деп кайрылгандар көп болот. Эмнеге төлөй албай калдыңыз дегенге жооп айтышпайт. Аны иликтеп көргөндөн кийин гана кредит алып тойго коротуп салганын билесиң. Той өткөрүүдө чыгымыбыз абдан көп. Мына, бир жерде түштөндүрөм деп атып эле бир түндө 7 жылкы союлуп кетти. Ошонун баары акча да. Ошончо жылкы союп, түштөндүргөндүн ордуна эки жашка акчасын беришсин, үй алганына жардам болот", - деди президент.
Өлкө башчы алган кредитти өзүн актай турган ишке салуу керектигин белгиледи. Ошол эле жер иштетүү, теплица орнотуу, мал багуу ж.б.
"Кыргыздар жалкоо болобуз. Башка жакты айтпай эле өзүмдүн айылымды алайын. Ар бир үйдө 20-30 сотых жери бар. Анын көбү айдалбай турат. Айылда жашап турушуп, жашылчаларды шаардан сатып келип жешет. Биз бала кезде жерге баарын экчүбүз: картошкадан баштап ашкабакка чейин. Азыр көбү жер иштетишпейт, кредит алып той өткөрүшөт", - деди Жапаров.