Печать
Категория: Коом
Просмотров: 161

Элдик курултайда президент Садыр Жапаров сүйлөп жатып, кыргыздардын кызматка умтулуусунун себебин белгилей кетти. 

"Биздикилер кызматка барууну каалашат, аны менен жеке маселелерди чечиши керек. Калкты зыкылдатып турушу керек. Жаңы президент болуп келгенде күбөлүк сурагандар болду "мени коомдук башталыштагы кеңешчи кылып алыңыз", - деп. Көрсө, аларга президенттин кеңешчиси деген күбөлүк керек экен. Күбөлүктү көтөрүп барып, "мен президенттин кеңешчисимин", - деп тааныштарын жумушка орноштургандар болду. Аткаминерлер күбөлүктү көрүп эле коркконунан айтканын кыла беришет экен. Анан баарын жок кылып салдым, аша чаап кетет экенсиңер деп", - деди президент. 

Ал курултайды мыйзамдаштыруу бир топ кыйынчылык менен ишке ашканын белгиледи. 

"Курултайды мыйзамдуу өткөрүү үчүн мыйзам долбоорун араң Жогорку Кеңештен суранып, спикерин чакырып түшүндүрүп жатып өткөрдү. Мыйзам кабыл алып бербесеңер, быйыл да жарлык менен өткөрөм, кийинки жылы да жарлык менен өткөрөм дедим. "Курултайчылар баарын жазып алышыптыр, өздөрүн экинчи парламент сезип алышыптыр" деген сөздөрдү уккандан кийин, 5-6 курултайчыны чакырдым. Биринчи мыйзам долбоорун өткөрүп албайсыңарбы деп айттым. Алардын жазгандарын улам кыскартып отурдук. Кыргыздар сындаганды жакшы көрөбүз, а бирок иш жүзүндө эч нерсе кылбайбыз", - деди Садыр Жапаров.