Печать
Категория: Коом
Просмотров: 316

Бүгүн Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда Жалал-Абаддан келген делегат Элнура Жуманова УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кол тийбестик макамын берүүнү сунуштады. 

"Биздин элдик генерал Камчыбек Кыдыршаевич өмүрүн өлкөгө кызмат кылууга арнап жатат. Биз баарыбыз кандай күрөш жүрүп жатканына күбөбүз. Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлүп, ага кол тийбестик макамын берүүнү сунуштайм", - деди Жуманова. 

Эске салсак, жакында президент Садыр Жапаров коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн катуу жүрүп жатканын белгилеп, ага байланыштуу Камчыбек Ташиевдин кайтаруусун күчөткөнүн билдирген.