Печать
Категория: Коом
Просмотров: 532

Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров салык маселеси боюнча бизнесмендерге кайрылды. Ал ишкерлерди салыкка болгон мамилесин өзгөртүүгө чакырды. 

"Өлкөдө акыркы учурда болуп жаткан окуялардан улам коомчулуктун көңүлүн салыктык башкаруунун маанилүүлүгүнө бургум келет.

Көмүскө экономика менен күрөшүүнүн жыйынтыгында позитивдүү өзгөрүүлөргө жетише алдык. Пенсия, айлык акы көтөрүлдү, жүздөгөн чакырым жолдор салынды. Салыксыз бизде коопсуздугубузду камсыздай турган күчтүү армия болбойт, жарандар үчүн социалдык-экономикалык шарт жакшыртылбайт, сапаттуу медицина жана билим берүү болбойт. Ошондуктан салыкты мажбурлаган төлөм катары кабыл албаш керек. Аны өз өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошуп жаткан салымыбыз катары карайлы", - деди президент. 

Эске салсак, декабрдан башында Кыргызстанда бир катар базарлардын соодагерлери митингге чыгып, ККМди милдеттүү орнотууга каршы болушкан. Алар патент системасын калтырууну талап кылышкан.