Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Баяке уулу Болоткан Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаровдун дагы бир тескемесине ылайык Шамырканов Мирбек Турдубекович Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.