2023-жылга Аудиттин планынын негизинде КР Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы ветеринария тармагына вакцина, дары-дармектерди сатып алууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына Нарын, Чүй жана Талас облустарынын айрым райондорунун ветеринардык бөлүмдөрүндө аудит жүргүздү. Белгилей кетсек, эмдөө жергиликтүү ветеринардык бөлүмдөр менен келишимдик негизде иштеген жеке ветеринардык адистер аркылуу бекер жүргүзүлөт.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аудиторлор бир катар мыйзам бузууларды, анын ичинде жеке ветеринардык дарыканаларда, ошондой эле Москва, Кочкор жана Бакай-Ата райондорундагы жеке ветеринардык адистердин өздөрү тарабынан үй жаныбарлары үчүн вакциналарды сатуу фактыларын аныкташкан.
Белгилей кетсек, Ветеринардык кызматка республикалык бюджеттен 45,6 млн сомго 10 800,0 млн доза сибирь жарасына, кой чечегине, тери жугуштуу ооруларына каршы вакцина сатып алынган.
Текшерүү материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.