Печать
Категория: Коом
Просмотров: 306

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери А.А.И. 45 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 
Маалыматка караганда, башкы бухгалтер кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“опузалап пара алуу”) негизинде кылмыш иши козголду. Атайын иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.А.И. КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.
Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка опузалоо фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынан да аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.