2024-жылдан баштап "Дордой" базары соодагерлерге жеңилдик берип, жерге болгон ижара акысын 30 пайызга ылдыйлатууну караштырууда.
Белгилей кетсек, ири "Дордой" базары 15тей базардан турат жана 10 миңдей контейнер бар. "Дордой" базарына 3900 орун таандык.
"Жерге болгон ижара акысын 30 пайыз түшүрөлү деген чечим кабыл алдык. Контейнер ээлери менен сүйлөшүп, субарендага бергенде сөзсүз келишим түзүп, 50 пайызга түшкүлө, эл кыйналып атат деп. Элдин, учурдун талабы ушундай болуп атат. Биз негизи базардын ички маселесине кийлигишпешибиз керек, бирок кийлигишүүгө туура келип жатат. Контейнер ээлери дагы туура түшүнүп жатышат", - дейт "Дордой" базарынын жетекчиси Самарбек Жапаракунов.