Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Баткен облусунда эки күндүк иш сапары менен барды. Ал жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда Баткен элине ыраазычылык билдирди.
"Акыркы эки жылда оор сыноолор баштап өттү, чек арадагы каргалашуу окуяларды унутуп коюуга болбойт.
Чек ара жаңжалында жоокерлерибиз, катардагы жарандарыбыз каза болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык. Үй-жай, мал-мүлктү ордуна келтирсек болот экен, бирок жоготуп алган адамдарды кайтарыш мүмкүн эмес. Ошондуктан, сиздерге сабыр тилейм.
Артыңарда калың элиңер, түптүү мамлекетиңер турат. Мекенди коргоп жатып курман болгон жоокерлердин эрдиги эч убакта унутулбайт. Алардын үй-бүлөсү, каргашалуу окуяда жабыркагандар ар дайым мамлекеттин камкордугунда болот. Учурдан пайдаланып Баткендин баатыр элине ыраазычылык билдирем", - деди өлкө башчы.