Печать
Категория: Коом
Просмотров: 56

Бишкектин көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери кечээ саат 20:00дөн бүгүн эртең мененки саат 10:00гө чейин шаардын көчөлөрүнө 15 тонна туз чачты. Бул жол кыймылынын шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Түндө борбор калаанын көчөлөрүндө 15 атайын техника нөөмөттө иштеди:

- МАЗ базасында 4 кар тазалоочу унаа;
- 2 фронталдык жүктөгүч;
- 4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору;
- 5 "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык унаа.
Азыркы учурда ишкананын бардык кызматкерлери аба ырайынын жагымсыз шарттарына каршы күрөшүүгө активдүү катышып жатышат. Тротуарларды жана өтүүчү кирүүчү жолдорду тазалоо толугу менен жүргүзүлөт.

Ошондой эле Милициянын кайгуул кызматы көчөлөрдү кардан тазалоого көмөк көрсөтүп жатат. Шаар көчөлөрүндө Кайгуул кызматынын 12 унаасы атайын техникаларды коштоп жүрөт.