Коомдук телерадиоберүү корпорациясын көп жылдар бою жетектеген Асанбек Токомбаевди замандаштары мыкты уюштуруучу, адемгерчиликтүү, калыс адам катары эскеришет.
Кинорежиссер Асанкожо Айтикеев Токомбаев өз убагында КТРКны жетектөө менен өлкөдөгү телеберүү жаатын жаңы деңгээлге чыгарганын эскерди. Бул анын бийик деңгээлдүү жетекчи экенинен улам болгонун да белгилеген.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Асанбек Токомбаев 1924-жылдын 15-мартында Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун А.Токтоналиев айылында жарык дүйнөгө келген.
1946-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, кыргыздын бир ууч алгачкы жана чыныгы элитасынын бир өкүлүнө айланган.
Ишмердүүлүгүнүн жылдарында «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору, «Кыргызстан» басмасында директор, партиянын Фрунзе шааркомунун 2-секретары, Кыргызстан КП БКнын секретары, Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Республикалык радиоуктуруу жана телеберүү боюнча комитетинин төрагасы кызматтарын аркалаган.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку чакырылышынын депутаты жана Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Асанбек Токомбаевдин жетекчи жана инсан катары образы "Бейне" көрсөтүүсүндө чагылдырылган. Аны төмөнкү видеодон көрүүгө болот.