Печать
Категория: Коом
Просмотров: 513

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз турак жай куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 батир жана 52,4 млн сомдук 1 коммерциялык жай муниципалдык менчикке кайтарылып берилди.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Бишкек башкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан белгиленген максатка ылайык келбегендигине карабастан, жер астындагы унаа токтоочу жайы бар 12 кабаттуу турак үйдү курууга архитектуралык-пландоо шарттарын (АПШ) жана инженердик-техникалык шарттарды (ИТШ) иштеп чыккандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболору жүргүзүлгөн. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “О” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын (Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы №417 токтомуна ылайык) ордуна эки көп кабаттуу үйлөрдү куруп, сатып жиберген.
Көрүлгөн комплекстүү чаралардын жыйынтыгында “О” курулуш компаниясынын ээси – Т.И.А. мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурду. Ошондуктан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 8-декабрындагы чечиминин негизинде анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
Учурда бул фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.