Бүгүн, 2023-жылдын 8-декабрында, жаңы салык системасын оптималдаштыруунун алкагында, ошондой эле айрым деструктивдүү күчтөр тарабынан өлкөдөгү ири базарлардын соодагерлеринин митингдерди уюштуруу аркылуу коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аракетинин алкагында УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМК жана Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү.
Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев УКМК жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ишкердик субъекттери, анын ичинде өлкөнүн ири соода жана оюн-зоок борборлорунун ээлери тарабынан чыныгы кирешелерди жашыруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча, митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, Салык кызматында тиешелүү кадрдык иштерди жүргүзүү менен мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин арасында коррупцияны жана паракорчулукту жоюу, ошондой эле бул багыттагы башка маанилүү маселелерди чечүү боюнча биринчи кезектеги милдеттерди койду.