Печать
Категория: Коом
Просмотров: 367

Социалдык тармактарда финансы министри Алмаз Бакетаевдин билдирүүсү катары маалыматтар таратылып жаткан. Буга байланыштуу Финансы министрлиги маалымат берди. 

Анда белгилегендей, соцтармактардагы ал маалыматтардын Алмаз Бакетаевге тиешеси жок. 

"Финансы министри Алмаз Бакетаевдин атын жамынып, каржылык же саясий пайда алуу максатында жалган маалыматтар таратылууда.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги расмий билдирет. Белгисиз сайттардан тараган маалымат чындыкка дал келбейт!

Урматтуу кыргызстандыктар, ар кайсы белгисиз сайттардан тараган жалган маалыматтарга алданып калбаңыздар", - деп айтылат аталган министрлик тараткан маалыматта.