Печать
Категория: Коом
Просмотров: 531

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы базарлардын ээлерине кайрылып, эгерде ижара акысы арзандатылбаса, соодагерлерге шарт түзүлбөсө өлкө жетекчилигинин базарларды мамлекетке алууга саясий эрки жете турганын айтты. 

"Эгер базар ээлери соодагерлерге жакшы шарт түзбөсө, контейнерлер жана орундар үчүн ижара акысы арзандатылбаса, эл менен эсептешүү болбосо, анда биздин базарларды мамлекетке кайтарууга саясий эркибиз жетет. Биз жашырылган акчаларды, төлөнбөгөн салыктарды базар ээлерине илебиз жана базарды мамлекетке алабыз. Керек болсо, соодагерлерге контейнерлерди салык төлөшсө гана болду деген шарт менен бекер беребиз. Мындай нерсе болбосун десеңер, базар ээлерин дагы бир жолу эскертем. Соодагерлер үчүн шарт түзгүлө, инфраструктураны: жолду, дааратканаларды, тамактануучу жайларды оңдогула", - деди Ташиев базар ээлерине кайрылып. 

Ал белгилегендей, ири соода жайларынын ээлери: Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Кубатбек Байболов, Эльвира Сурабалдиева, Чынгыз Алканов, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев жана башкалар.

"Булар өлкөгү бай адамдар. Баарына белгилүү, алар чоң киреше табышат. Булар 30 жылдан бери базарга ээлик кылып келишүүдө. Чоң байлык топтошту, дагы да топтоп жатышат. Ошол эле убакта алар мамлекетке, коомго, ошол эле соодагерлерге мамилесин өзгөрткөн жок. Алар байлыкка тойбой жатышат. Алардын айынан митингдер болду", - деп белгиледи Камчыбек Ташиев.