Печать
Категория: Коом
Просмотров: 800

Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Аламүдүн районундагы атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында соодагерлердин митинги тууралуу пикирин айтты. Ал азыркы тартипсиздик улана берсе, ири базарлар мамлекетке  өткөрүлө турганын билдирген. 

"Базар ээлери!" Эгерде силер соодагерлер үчүн жакшы шарттарды түзбөсөңөр, контейнер жана орундар үчүн ижара акысын арзандатпасаңар, эл менен эсептешпесеңер, анда биздин ал базарларды мамлекеттин карамагына өткөрүүгө саясий эркибиз жетет", - деген Ташиев. 

УКМК төрагасынын бул билдирүүсүнөн кийин соцтармактын Толкунбай Чили-Сай аттуу колдонуучусу Кыргызстандагы экинин бири болгон ири базар - Кара-Суу тууралуу пост жазды:

"Оштогу Кара - Суу базарын баарың эле билесин да? Туратали базары да дешип коёт. Ошо базарга эки жыл мурда Нурбек деген жигит базарком болуп келген. Ал келгенде ошо базардын бир айлык кирешеси 200 миң сом болуп турган.

Эми элестеткиле, заңкайган канча жерди ээлеп турган базар бир магазинден да аз киреше берип турган.

Базар негизи мамлекеттик мүлк фондуна карайт. Анан негизги аянты 12 гектар болсо, аны ар келген базаркомдор жең ичинен сатып атып, үч эле гектары калган. Нурбек болсо бир айда эле кирешесин 3 млнго чыгарып, мамлекетке пайда алып келе баштаган. Ал эми ошо жердин контейнерлерин оптом 10-15 миң сомдон арендагы алышып, кайра субарендага жетимиш - сексен миңден беришип, бир топ адам байып жатышкан. Москванын борборуна чейин Көк - Бөрүнү чаптырып, көп жылдан бери ишкердик кылган Нурбек мырза болсо, жаңы бийлик менен бирге эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кылып баштады. Эми ошо колдорунан токочторун алдырып койгон адамдар, ар түр жол менен Нурбеке жолтоо болушуп, соттошуп, кыскасы иштетпей келишти. Бирок Нурбек мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди мамлекетке кайтарып, анан базардагы сатуучуларга ортомчусуз түз келишим менен контейнерлерди берем деп чуркап жүрөт. Кудай буйруса жакынкы күндөрү бут сатылган жерлер ордуна коюлуп, жаңы базар жаңыча иштеп кала тургандай. Азыр эле базардын кире беришине үч кабаттуу жаңы соода борборун куруп бүткөнү калышыптыр. А келечекте болсо, базар көп кабаттуу болуп, бүт шарты менен, унаа токтоочу жайы менен элге кызмат кыла тургандай. Анан колдорунан токочторун алдырып, мамлекеттик менчиктен уурдагандар болсо, ар түр жол менен Нурбекти иштетпей, бир адамдарды тополоң кылдырып, бир сатылма журналисттерди жалдап, бир сотко берип бут тосуп жатышат. Жегичтердин да күнү бүткөндүр? Сураштыра келсең, ошо жолтоо болгондордун арасында, мурдагы, азыркы депутаттар, азыркы депутаттардын туугандары, кыскасы көп "элиталар" бар. Жеп тойбостордун күнү бүткөндүр?"