Печать
Категория: Коом
Просмотров: 188

Бүгүн, 2023-жылдын 6-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 
Өз кезегинде КР УКМК төрагасы мушкерди дүйнөнүн эң күчтүү лигасында ийгиликтүү дебюту менен куттуктап, ага чың ден соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады. 
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Мыктыбек Оролбай уулу Лас-Вегаста (АКШ) өткөн UFC Fight Night турниринде дебют жасап, Сербиялык мушкер Урос Медичти жеңип алган.