Печать
Категория: Коом
Просмотров: 161

Мамлекет башчы Садыр Жапаров соодагерлер менен жолугушуу үчүн "Дордой" базарына барды. Эске салсак, бүгүн бир катар базардын соодагерлери иш таштоо кылышып, өкмөттүн патент системасын жокко чыгаруу аракетине каршылык көрсөтүп жатышат. 

Жолугушууга чогулган соодагерлер ККМди милдеттүү колдонуу чечимин кайра карап чыгууга бийликти чакырышты. Алар "миллиондогон кирешелери жоктугун" белгилешти. 

Ошондой эле, өлкө башчысынан ККМди милдеттендирүүнү кийинкиге жылдырууну, азырынча патент системасын калтырууну суранышты. 

Соодагерлер "патент, патент" деп кыйкырышты. 

29-ноябрдан тартып базарда соода кылган ишкерлер нааразычылыгын билдирип жатышат. Алар 2024-жылдын 1-январынан тартып соода жаатындагы бардык ишкерлерге, анын арасында базарда соода кылгандарга ККМди милдеттүү киргизип, салыкты ал аркылуу салуу аракетин жактырышкан жок.