Печать
Категория: Коом
Просмотров: 342

Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ташиев менен Ятимов билдирүү жасашты. 

КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара боюнча бир нече принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын билдирди. 

"Биз бүгүн кабыл алган чечимдер чек арадагы негизги маселени чечүүдө бизди бириктирет. Кийинки жолугушуу Баткенде болот, анда дагы чечимдер кабыл алынат. Биздин мамлекеттик комиссиялар тынымсыз иштеп жатышат. Мен толук чечим кабыл алууга абдан жакын калдык деп ойлойм", - деди Ташиев. 

 Тажикстандын УКМК башчысы Ятимов сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтүп, эки башкы маселе боюнча чечим кабыл алынганын белгиледи. 

"Бул биринчи кезекте Ворух-Ходжаи Алъо жолуна тийиштүү. Бул башкы маселеге карата маселе дээрлик чечилди деп эсептейбиз. Экинчи маселе - Тажикстан тарабынан Кыргызстандын аймагында пайдаланылып жаткан жана Кыргызстан тарабынан Тажикстандын аймагында пайдаланып жаткан объектилерге байланыштуу. Кыргызстан ал объектилерди колдоно берет бирок жер Тажикстандыкы бойдон калат. Ушундай эле принцип Тажистандын Кыргызстандагы объектилерине да тийиштүү", - деди ал. 

Ошондой эле Ятимов бул сүйлөшүүлөр мамлекеттик чек араны демаркациялоого баштап баратканын, ал бул жаатта ар кандай талаш-тартыштарга чекит коерун белгилеген.