Печать
Категория: Коом
Просмотров: 185

 

 Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Белгиленгендей, Алтай Осмонов атындагы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу 2021-жылы башталып, быйыл 1-сентябрда муктаждыкка байланыштуу пайдаланууга тапшырылган.

Кара-Жыгач айылындагы аталган мектептин эски имараты 1965-жылы ашар жолунда курулуп, 2014-жылы ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган. Акыркы 2 жылдан бери мектептин башталгыч класстарынын окуучулары жеке турак жайда билим алып келишкен.