Печать
Категория: Коом
Просмотров: 402

Келерки жылдан баштап Кыргызстанда мегадолбоорлор ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарында эл менен жолугушуу маалында билдирди. 

"Келерки жылдан баштап 100 миллион, 500 миллион, 1 миллиард долларлык мегапроекттер ишке ашып баштайт. Мурда андайларды курмак тургай, ойлоп оюбуз жетчү эмес. Азыр колубуз жетип, ошону жасаганга мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Себеби мамлекетте ички тартип орното алдык. Ички тартип деген эмне? Мамлекетти ичтен жеген коррупцияга каршы күрөш. Ичинен талкалап жаткан уюшкан кылмыштуулукка, бузукуларга каршы күрөш жыйынтыгын берди", - деди Камчыбек Ташиев.