КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев иш сапары менен Тажикстанга учуп кеткенин УКМК билдирди.
Тажикстанда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик фактылары дагы эле бар экенин билдирген.