Печать
Категория: Коом
Просмотров: 392

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты курулганын резиденттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат. Алар азырынча Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эскилиги жеткен имаратында жайгашып турат.

Оорукананын курулушуна республикалык бюджеттен 58 млн сом каралган. Курулуш иштери жакынкы күндөрү толугу менен аяктап, пайдаланууга берилет.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков объекттен кабар алып, курулуштун сапатын көрүп чыкты.