Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрүндөгү иш издөө жана персонал табуу боюнча алдыңкы онлайн-платформасы HeadHunter эмне себептен учурда кадрларды табуу кыйындап кеткени боюнча иликтөө жүргүзүп, жыйынтык чыгарган.
Айдан ай өткөн сайын биз кайсы бир тармакка адистер жетишпей жатканы тууралуу көбүрөөк угуп келебиз. Ал дээрлик бардык тармакка тийиштүү: жумушчу адистер болобу же дүкөндөргө сатуучу болобу, айтор жетишпейт. Бирок мындай таңкыстыкты көп учурда жумуш берүүчүлөр өздөрү потенциалдуу ылайыктуу талапкерлерди четке түртүү менен жаратышат. Алар кадр тандоодо бир катар кемчиликтерге жол беришет жана вакансияларга жаш курагы боюнча чектөөнү киргизип коюшат. Мындай кыла беришсе, кызматкерсиз калуу тобокелчилиги жогору.
Башкы катачылык – талапкерди “жаш курак жана жынысы” боюнча чектөө боюнча издөө. Жумуш берүүчүлөр жумушка орношууну каалагандарга жынысы жана жаш курагы боюнча чектөөнү киргизип коюшат дагы, ал талапкерлердин тең жарымын артка кайтарат. Ваканциялардагы эң популярдуу жаш курак – 40 жаш, ошол эле маалда HeadHunter онлайн-платформасындагы жумуш издөөчүлөрдүн 10 пайызы 40 жаштан улуу, дагы 15 пайызы курагын такыр көрсөтпөйт.
Асмандагы айлык акы
Вакансияда көрсөтүлгөн айлык акы “жерден асманды көздөй” болот. Жумуш издеп жаткандар “маяна 15 миңден 90 миң сомго чейин” дегенди окушаары менен ал калп экенин дароо билишет. Демек, айлык 15 миңден жогору эмес, 15 миң экенин түшүнүшөт дагы, байланышууну каалашпайт.
“Оригиналдуу” вакансиялар
“Сатуунун акуласы”, “сыйкырчынын окуучусу” ж.б. Жумуш издөөчүнүн “акула” болгусу келип жаткан жок, ал сатуу боюнча менеджер болуп жумушка орношкусу келет. Мындай вакансиялар аз сандагы адамдардын гана кызыгуусун жаратат.
Милдеттенмелердеги көп сөздүүлүк
Жумуш издөөчүлөр өздөрүнүн резюмесине кандай милдеттерди аткара ала турганын жазышпайт, мындан улам жумуш издөө системасы жумуш берүүчүгө талапкерди таап бере албайт.
Рахима Махмудова, PR жана маркетинг боюнча менеджер